
5200 ысык линиясы суткасына 24 саат иштейт жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүү, акысыз, анонимдүү жана купуя жардам көрсөтөт. Линиядагы адистер — зомбулук жана кризистик жардам боюнча атайын даярдыктан өткөн профессионалдык психологдор жана консультанттар.
Линия Кыргызстандын бардык аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү жана 24 саат, 7 күн иштейт.
Ысык линиянын негизги багыттары:
· зомбулукка жана эксплуатацияга кабылган жарандарга психологиялык колдоо көрсөтүү;
· жабыркагандардын укуктарын коргоо чаралары жана жеткиликтүү кызматтар жөнүндө маалымат берүү;
· коопсуз башпаанек, медициналык жана юридикалык жардам боюнча консультациялар;
· зомбулукка кабылган жарандардын күбөлөрүнө жана туугандарына колдоо көрсөтүү.
Эгер сиз зомбулукка кабылсаңыз же мындай учурларга күбө болсоңуз, 5200 номерине кайрылуудан тартынбаңыз.