
Кыргызстандын Улуттук банкынын жогорку кызматкерлеринин ролун ойногон алдамчылар тобу мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жиберүүдө. Алар Улуттук банктын контролундагы уюмдардын кызматкерлерине кандайдыр бир көйгөйлөр пайда болгондугу тууралуу маалымат берип, "координатор" менен байланышууга чакырышууда.
Бул "координатор" кийинчерээк уюмдардын жашыруун маалыматтарына жана документтерине жетүү үчүн ар кандай шылтоолор менен талап кылат.
Бул аракеттер алдамчылык болуп саналат.
Ушундай билдирүүлөргө ишенбөө үчүн этият болууну сунуштайбыз. Эгерде шектенүү пайда болсо, маалыматты расмий булактар аркылуу текшерүү керек жана эч кандай учурда жеке маалыматтарды, ошондой эле кызматтык же башка купуя маалыматтарды бербеши керек.
Улуттук банк кылмыш иштерине байланыштуу маселелер менен алектенбестигин жана жарандарга жана уюмдарга мындай чалуу жасабастыгын белгилеп өтүү маанилүү. Эгерде сизде суроолор болсо, НБКРдин коомдук кабылдамасына (312) 61-04-86 телефону аркылуу кайрылыңыз.