
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандарга «арзан кредиттер» сунуштаган жаңы алдамчы схема тууралуу эскертүү чыгарды. Регулятордун маалыматына ылайык, жаман ниеттүүлөр Telegram мессенджерин колдонуп, кредиттерди жагымдуу шарттарда алуу боюнча сунуштарды таратууда. Ишенимди арттыруу үчүн алар НБКРдин логотиби бар жасалма документтерди, анын ичинде банктын берген деп көрсөтүлгөн жалган лицензияларды көрсөтүшөт.
Андан кийин алдамчылар акчаны ар кандай шылтоолор менен которууну талап кылышат, мисалы, камсыздандыруу, комиссия же арызды бекитүү үчүн төлөө.
Улуттук банк мындай аракеттер алдамчылык экенин так белгиледи.
«Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер жана тааныш эмес адамдарга акча жөнөтпөңүздөр. Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан гана текшерип туруңуз», — деп билдиришти регулятордун өкүлдөрү.Мындан тышкары, НБКР физикалык жактар менен түздөн-түз иштебей турганын жана жарандар үчүн кредиттер бербестигин же эсептер ачпастыгын эске салды.
Эгер сиз алдамчыларга туш болсоңуз, төмөнкү сунуштарды аткарыңыз:
- дароо банк картаныңыздын блокировкасын жасаңыз;
- укук коргоо органдарына кайрылыңыз;
- Нацбанктын коомдук кабылдамасы менен (312) 61-04-86 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.