
Алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди, анын ичинде жасалма лицензияны колдонушат. Алар жарандардан акча которууларды талап кылышат, мисалы, камсыздандыруу же комиссия төлөө сыяктуу ар кандай шылтоолор менен.
Кыргызстандын Улуттук банкы бул аракеттерди алдамчылык схемасы деп атады.
Мындай сунуштарга ишенбеңиздер жана эч кандай шартта белгисиз адамдарга акча которбоңуздар. Эгер шектенсеңиз, ар дайым расмий булактардан маалыматты текшериңиздер, деп эскертишти Улуттук банктан.



Мындан тышкары, Улуттук банк жеке адамдарды тейлебестигин, эсептерди ачпастыгын жана калкка кредит бербестигин эстен чыгарбоо керек.
Эгер сиз алдамчылардын курмандыгы болсоңуз, дароо банкттык картаңызды блоктоп, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
- Кыргызстандын Улуттук банкына коомдук кабыл алуу телефону — 0312610486.