
Нардептин айтымында, жергиликтүү курулуштарда 100 миң сомго чейин киреше табууга болот
30-январда «Элдик» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында эл өкүлү Алтынбек Кудайбердиев жаштарды жергиликтүү курулуштарда иштөөгө тартуу максатында маалыматтык кампания өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи.
Ал Кыргызстандагы курулуш тармагында активдүү өсүш байкалып жатканын, бирок объектилерде негизинен чет өлкөлүк жумушчулар иштеп жатканын, ал эми өлкөнүн жаштары чет өлкөгө кетип жатканын айтты.
«Курулуштарда 100 миң сомго чейин киреше табууга болот. Ошондуктан, биздин жарандарга бул мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүчү түшүндүрүү видеолорун түзүү маанилүү. Бул эмгек миграциясына оң таасир эте алат», - деп баса белгиледи ал.
Сүрөт www