
Кыргызстандын билим берүү министрлиги физкультура мугалими окуучуларга физикалык күч колдонгон окуянын олуттуу тынчсыздануу жаратканын жана дароо кийлигишүүнү талап кыларын билдирди.
Министрлик, ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө башталганын маалымдады. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралардын алкагында педагогдор, окуучулар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.