
Министерство энергетикасынын маалыматына ылайык, капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө планына 2 015 трансформатор да киргизилген.
2025-жылы Нарын электр тармактары ишканасы 83 трансформатор алмаштырып, орнотту, алардын ичинен:
• 61 трансформатор 10/0,4 кВ чыңалуу менен алмаштырылды;
• 22 трансформатор 10/0,4 кВ чыңалуу менен кошумча орнотулду.
Бул иш-чаралар өткөн жылга салыштырмалуу жалпы электр кубатын 39 217 кВАга көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
Мындан тышкары, 121 трансформатор Нарын электр тармактары ишканасына өткөрүлдү. Бардык иштер калкка сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылууга багытталган.