


















Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мамлекеттин менчигине 80 гектар жер кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирет.
УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө учурунда уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоого жана мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу айрым ишкерлерден акча талап кылуу фактылары аныкталган.
Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке жогоруда аталган райондо 80 гектар жер участоктору кайтарылып берилди.
«Мамлекеттик комитет уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоо боюнча иштерди улантууда», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. ```