
Бүгүн, 4-февралда, Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын «Мал чарбачылыгындагы тукумдук иш тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулашты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев аталган мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди. Ал, бул демилгени мыйзамдык нормаларды жакшыртуу максатын көздөп жатканын белгиледи. Кыргыз Республикасынын «Мал чарбачылыгындагы тукумдук иш тууралуу» мыйзамына 50% дан ашык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгына байланыштуу, жаңы редакция сунушталды.
Мыйзам долбоору тукумдук продукция жана материалдардын экспорт жана импортуна негизги талаптарды камтыйт. Талкуу учурунда депутаттар бир нече маанилүү маселелерди көтөрүштү. Салтанат Аманова фермерлерди кредиттөө көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына көңүл бурду, бул малдын санынын өсүшүнө жана мал чарбачылыгы продукциясынын өндүрүшүнүн жогорулашына алып келет. Чынгыз Ажибаев Баткен облусунда мал контрабандасына каршы күрөшүү боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындан тышкары, Медер Чотонов сүттү сатып алуу баасынын төмөндүгүнө байланыштуу фермердик чарбалардын кирешелүүлүгүнө жыл сайын коркунуч туудураарын билдирип, тынчсыздануусун билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.