
Кыргызстандын борборунда АКШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда "В5+1" бизнес-форуму өтүүдө
Бишкекте ушул күндөрү "В5+1" бизнес-форуму өтүп жатат, ал жерде АКШ жана Борбордук Азиянын саясий жана бизнес элитасынын өкүлдөрү чогулду.
Иш-чарага катышуу максатында Кыргызстанга АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын элчиси Серджио Гор келди. Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуп, пресс-конференция уюштурду.
Серджио Гор: "Мен президент Дональд Трамптан ачык жана жөнөкөй билдирүү алып келдим. Бириккен Штаттар Борбордук Азия менен кызматташууга умтулуп, бул регионду приоритеттүү катары карайт. Биз келерки үч жыл ичинде бул кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү пландап жатабыз" - деп белгиледи.
Эксперттердин пикири боюнча, Серджио Гор Трамптын ишенимдүү адамдарынан бири болуп эсептелет. Times of Malta басылмасынын маалыматы боюнча, ал Ташкентте, ошол кездеги СССРде төрөлгөн.
Сүрөт www