
Бул завод, толугу менен Кыргызстандын жарандарына таандык, дүйнөдөгү эң атаандаштыкка жөндөмдүү базарлардын биринде жайгашкан жана улуттук бизнес үчүн маанилүү кадам болуп калды. Визит учурунда өкмөт башчы, мындай долбоорду БАЭде ишке киргизүү коммерциялык жетишкендик гана эмес, кыргыз стандарттарынын жогорку сапатынын күбөсү экенин белгиледи.
Завод заманбап бөлүштүрүү системалары жана көп баскычтуу тазалоо технологиялары менен жабдылган, бул күнүнө 50 миң бөтөлкө ичүүчү суу жана ичимдиктерди өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Предприятие чыгарган продукция БАЭде белгиленген катуу санитардык нормаларга жана тамак-аш коопсуздугу талаптарына жооп берет.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев кыргыз компаниясынын тез өнүгүп жаткан БАЭ рыногуна чыгышы жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү жана стратегиялык мамилени талап кылат деп белгиледи. Талкуу учурунда суу тазалоо боюнча заманбап технологияларды киргизүү жана эки мамлекеттин ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери да көтөрүлдү. Заводдун негиздөөчүлөрү Кыргызстанда "Crystal" бренди менен популярдуу бөтөлкөлөнгөн сууну өндүргөн "НАК" компаниясы аркылуу белгилүү.