
Жогорку Кенеште жаңы спикер болуп депутат Марлен Маматалиев шайланды.
Конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча комитеттин төрагасы Курманкул Зулушев Маматалиевдин кандидатурасы «Ата Журт», «Элдик», «Ала-Тоо», «Мекенчил» жана «Адилет Кыргызстан» партияларын өкүлдөгөн бардык депутаттык топтор тарабынан бир добуштан сунушталганын билдирди.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча анын кандидатурасына 77 депутат добуш берсе, 5 депутат каршы болду.