Жолугушууда индустриалдаштырууга, транспорт жана логистика инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөөгө багытталган ири долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу перспективалары талкууланды. Ошондой эле айыл чарба жана энергетика сыяктуу тармактарда артыкчылыктуу инициативаларды колдоо тууралуу сөз болду.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Президент Жапаров өнөр жай, транспорт инфраструктурасы жана энергетика сыяктуу тармактарга, өзгөчө электр энергиясынын жетишсиздиги контекстинде көңүл бурду. Ал АБИИни ушул багыттарда активдүү кызматташууга чакырды.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Цзоу Цзяи Кыргызстан АБИИнин негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, республика банктын негиздөөчүлөрүнүн катарына кирерин айтты. Ал АБИИнин учурдагы долбоорлорду каржылоону улантууга жана өлкөнүн артыкчылыктарына жооп берген жаңы инициативаларды колдоого даярдыгын билдирди. Банктын жетекчиси инфраструктураны өнүктүрүү, сооданы кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу, ошондой эле жеке секторду колдоо боюнча кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорун талкуулоодо, АБИИнин жетекчиси анын өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодогу маанилүүлүгүн белгилеп, банктын анын каржылоосуна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, АБИИ Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктирген темир жол долбоорун колдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр, кыргыз тараптан конкреттүү сунуштарды күтүп жатат.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Акырында, Цзоу Цзяи АБИИнин Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана анын артыкчылыктуу долбоорлорун ишке ашырууга жардам берүү үчүн финансылык механизмдерди жана инструменттерди изилдөөнү улантууну пландап жатканын билдирди.