
Өзгөртүүлөр Кытай тараптын демилгеси менен киргизилди жана кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пункттарын убактылуу жабууга байланыштуу.
Өткөрмө пункттарынын жаңы иш графиги төмөндөгүдөй:
КПП «Иркештам-автодорожный» — 16-февралдан 22:00дөн баштап;
КПП «Торугарт-автодорожный» — 16-февралдан 22:00дөн баштап.
КПП «Иркештам-автодорожный» жана КПП «Торугарт-автодорожный» аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өткөрүлүшү 2026-жылдын 20-февралында 08:00дө кайрадан башталат деп пландалууда.
Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердик катышуучуларына мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө даярданууда берилген маалыматты эске алууну сунуштайт.