
Социалдык тармактарда депутаттын кармалышы тууралуу маалыматтар тарады
Жаңы чыккан ушактарга жооп катары, Жогорку Кеңеш депутат Шаирбек Ташиевдин кармалышы тууралуу маалыматты четке какты. Парламентте анын камалышы тууралуу эч кандай документтер келген жок экенин белгилешти.
Алгач социалдык тармактарда нардепдин камакка алынды деген маалыматтар пайда болду. Бирок кийинчерээк бул маалыматтар четке кагылды жана Шаирбек Ташиев учурда Кыргызстандан тышкары жерде экендиги белгилүү болду.
Депутатты камоо үчүн анын кесиптештеринин макулдугу керек, ал добуш берүү аркылуу алынат. Эгер шектүү кылмыш болгон жерден кармалса, анда Жогорку Кеңешке билдирүү берүү жана депутаттардан тергөө иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу талап кылынат.
Сүрөт www