
Эки күн бою өткөн мелдеште 21 комплект медаль оюндалган.
Натыйжада кыргызстандык спортчулар сыйлыктык орундарды утуп алышты. Жекеме-жеке самбо боюнча 98 кг салмак категориясында Кутман Кайыпбеков үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга ээ болду. Ошондой эле спорттук самбо боюнча 64 кг салмак категориясында Саяк Бараканов коло медальдын ээси болду.