Президент өзгөртүүлөр жөнүндө жарлыкка кол койду
Президенттин жарлыгына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) орун басары Тимур Шабданбеков кызматтан алынган. Анын ордуна бул кызматка Акылбек Намазов дайындалды.
Эскерте кетсек, быйыл 10-февралда президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана анын үч орун басарын да кызматтан алган. Мындан тышкары, Чек ара кызматы жана Мамлекеттик күзөт кызматы атайын кызматтын структурасынан бөлүнүп, көз карандысыз уюмдарга айланган.
УКМКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.
14-февралда дагы өзгөртүүлөр болду: Бишкек шаарындагы УКМКнын начальниги Эльдар Жакыпбеков кызматтан алынды, ал кийинчерээк коррупциялык кылмыштар боюнча шектелип камакка алынды.
16-февралда Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын начальниги Салмоор Джумабеков да кызматтан алынды.
Сүрөт www