Aкылбек Намазов 1971-жылдын 3-апрелинде Душанбеде жарык дүйнөгө келген.

Билими:
- 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун "призивге чейинки жана дене тарбия даярдыгы" адистиги боюнча аяктаган.
- 2003-жылы РФ ФСБ Академиясын "коопсуздук органдарынын оперативдик иши" адистиги боюнча аяктаган.
- 2013-жылы Кыргыз улуттук университетин "укук" адистиги боюнча бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1991-жылы баштаган.
- 2021-жылдын сентябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын бажы органдарында иштеген.
- "Оперативдик", Түштүк-батыш жана Түндүк-чыгыш бажыларында орун басар жана башчы кызматтарын ээлеген.
- Контрабандага каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыкты башкарган.
- 2025-жылдын 12-мартынан тартып Мамлекеттик бажы кызматында төрага орун басарынын милдетин аткарган.