
Эрлист Акунбеков.
Мурда бул кызматты Бакыт Торобаев ээлеп, төрт жыл бою иштеп келген.
МаалыматЭрлист Акунбеков 1983-жылдын 10-июнунда Ош шаарында төрөлгөн. Ал Ош мамлекеттик университетин "бизнес жана менеджмент" адистиги боюнча аяктап, Москва мамлекеттик университетинде "бизнес башкаруу" багыты боюнча магистрдик даража алган.
Карьера:
- 2005-жылдын январь айынан май айына чейин - Ош шаарындагы "Энергобанк" ААКсынын кредиттөө бөлүмүндө адис болуп иштеген;
- 2005-жылдын май айынан октябрь айына чейин - ошол эле банктын кредиттөө секторунда адис болуп иштеген;
- 2005-жылдын октябрь айынан 2006-жылдын февраль айына чейин - Ош шаарындагы "Энергобанк" ААКсынын кредиттөө секторунун башчысы;
- 2006-жылдын февраль айынан декабрь айына чейин - "Энергобанк" ААКсынын башкы кеңсесинин кичи жана орто бизнесин кредиттөө башкармалыгынын кредиттөө секторунун башчысы;
- 2006-жылдын декабрь айында - "Энергобанк" ААКсынын кичи жана орто бизнесин кредиттөө башкармалыгынын орун басары болуп дайындалган;
- 2008-2010-жылдар - Жалал-Абад филиалынын директору;
- 2011-2013-жылдар - ОсОО "Ремстроймост" аткаруучу директорунун милдетин аткарган;
- 2013-2014-жылдар - ОсОО ATS-Groupтун аткаруучу директору;
- 2014-жылдын январь айынан - "Кыргызстандын жер семирткич жеткирүүчүлөр ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин төрагасы;
- 2014-жылдын май айынан азыркы убакка чейин - ОсОО ATS-Groupтун башкы директору.