
Жогорку Кеңештин депутаты мандатты өткөрүп берүү тууралуу ушактарды четке какты
Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев өзүнүн мандатынан баш тартууну пландап жатканы тууралуу чыккан ушактарды четке какты.
«Мен Борбордук шайлоо комиссиясына мандатты өткөрүп берүү тууралуу эч кандай арыз жазган жокмун», — деди эл өкүлү.
Мурда социалдык тармактарда Ажибаевдин мындай арыз бергендиги тууралуу маалымат тараган.
Акыркы апталарда парламенттен Эльдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов чыгып кеткенин белгилеп өтүү керек.
Сүрөт www