
Кыргызстандын эл аралык резервдери тарыхта биринчи жолу 10 миллиард АКШ долларынан ашып кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ынтымак Ордо» жайгашкан республикалык жыйында билдирди.
Мамлекет башчысы акыркы жылдарда өлкөнүн финансылык туруктуулугу кыйла жакшырганын белгиледи. «Бул резервдер — макроэкономикалык туруктуулукту, улуттук валютанын бекемделишин жана келечекке болгон ишенимди камсыз кылган стратегиялык ресурс», — деди ал.
Садыр Жапаров ошондой эле, алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиктеринин болжолдоолору боюнча, 2025-жылы Кыргызстандын кредиттик рейтинги “B+” деңгээлине көтөрүлөт, бул өлкөгө инвестиция тартуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, «Ынтымак Ордо» жыйынында президенттен тышкары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, президенттин региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле райондордун акимдери катышты.
Эске салсак, «Ынтымак Ордо» жыйыны 2025-жыл үчүн иштин жыйынтыктарын чыгарууга арналган.