Тараптар практикалык байланыштарды активдештирүү, анын ичинде Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн жаңы өндүрүш кубаттарын түзүү маселелерин талкуулашты. "Мамлекет заманбап өндүрүш технологияларын киргизүү, экспортко багытталган ишканаларды ачуу жана жаштар үчүн жумуш орундарын түзүү максатын коюп жатат. Биз жаңы мамлекеттик программаларды иштеп чыгып, Кытайдын тажрыйбасын активдүү пайдаланууну пландап жатабыз", - деп белгиледи Эдиль Байсалов.

Сүрөт Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтынадан.
Өз кезегинде, Линь У кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана өнөр жай жабдуулары боюнча жаңы демилгелерди ишке киргизүүгө, ошондой эле гуманитардык алмашууларды активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөт Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтынадан.
Переговорлордун жыйынтыгы боюнча тараптар регион аралык өз ара аракеттешүүнү күчөтүү үчүн кадамдарды аныктап, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга макулдашышты.

Сүрөт Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтынадан.
Визит учурунда Кыргызстандын делегациясы провинциядагы бир нече ири машина куруу ишканаларынын иши менен таанышышты.






