Түркиянын Коммуникациялар башкармалыгы жакында эле өлкөдөгү америкалык аскердик базага сокку урулганы тууралуу маалыматтардын негизсиз экенин белгиледи.
Басма сөз кызматы Түркиянын аймагында чет өлкөлөргө таандык аскердик базалар жок экенин баса белгиледи. Аэропорт, деңиз жана жер үстүндөгү мейкиндик, ошондой эле аскердик объектилер боюнча суверенитет жана көзөмөл толугу менен Түркия Республикасында.
«Биздин өлкөгө кол салуу болгон жок. Түркияны регионалдык конфликттер контекстинде көрсөтүүгө аракет кылган маалыматтар ачык-айкын дезинформация», - деп билдиришти ведомствонун өкүлдөрү.Мындан тышкары, башкармалык өлкөнүн коргоо жана коопсуздук системасы штаттык режимде иштеп жатканын, бардык аракеттер тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын маалымдады.
Ведомство жарандарды текшерилбеген ушактарга ишенбөөгө жана жооптуу структуралардын расмий билдирүүлөрүнө гана таянууга чакырды.