
Нурсултан Бейшенбек уулу.
Ленин райондук администрациясынын орун басары болуп Нурсултан Бейшенбек уулу дайындалды, ал буга чейин МТУ №106нын начальниги кызматын аркалаган.

Бекжан Ниязов.
Бекжан Ниязов Октябрь райондук администрациясынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды, ал буга чейин Октябрь акимиатында уюштуруу жана көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

Керим Жээнбаев.
Октябрь райондук администрациясынын орун басары болуп Керим Жээнбаевич Жээнбаев дайындалды, ал буга чейин Бишкек мэриясынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүндө улук инспектордун милдетин аткарган.
Бул дайындоолор Бишкек мэри Айбек Джунушалиев тарабынан бекитилген.