Президент Airbus Europe менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жакында кол коюлган келишим бул фактты тастыктаганын айтты.
Ошондой эле, Кыргызстан Европалык Союздун авиация коопсуздугу боюнча кара тизмесинен чыгаруу процессинин акыркы этабында экендиги белгиленди. Садыр Жапаров акыркы аудит ушул айда пландалганын айтып, компания өкүлдөрүнө бул процесс боюнча жардам көрсөтүүнү карап чыгууну сунуштады.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын сүрөтү.
Йохан Пелиссье Кыргызстандагы авиация тармагындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, тармакты модернизациялоо жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз иш алып барылганын айтты. Ал ошондой эле коммерциялык авиациядан тышкары, транспорт жана логистика сыяктуу башка тармактарда узак мөөнөттүү кызматташууга кызыгуусун билдирди.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын сүрөтү.
«Кыргызстан Евросоюздун аудитинин акыркы этабында экендигин угуп кубанычтабыз жана зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даярбыз», - деп кошумчалады ал.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын сүрөтү.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташтыкты улантуу ниеттерин тастыкташты.