Мындан тышкары, Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча ЕСтин кара тизмесинен чыгаруу процессинин акыркы этабында экенин белгиледи. Жапаров акыркы аудит ушул айга белгиленгенин айтып, компаниялардын өкүлдөрүн бул процесс боюнча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Йохан Пелиссье Кыргызстан авиация тармагында жетишкен прогрессти оң баалады, модернизация жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча системалуу кадамдарды белгиледи. Ал ошондой эле транспорт жана логистика аспектилерин камтыган узак мөөнөттүү кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыгуусун билдирди.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
"Кыргызстан Евросоюздун аудитинин акыркы этабына жакындап жатканын билгенден кубанычтабыз жана бул процесс боюнча керектүү жардам көрсөтүүгө даярбыз", - деп кошумчалады ал.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.