
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматында Айбек Шаменовдун вице-министрлик кызматка дайындалганы тууралуу билдиришти.
Жаңы дайындоо боюнча буйрук өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлду.
Бул кызматта мурда Б.Т. Бекболотов иштеп келген, ал өкмөт башчысынын буйругуна ылайык, өз каалоосу менен милдеттеринен бошотулган.