
Кыргыз тараптан ишке киргизилген расмий веб-сайт Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгына арналган. Тиешелүү маалымат Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан келип түштү.
Сайтты түзүүнүн максаты ШКУга катышкан мамлекеттерди, өнөктөштөрдү жана кеңири коомчулукту ШКУ чегинде өткөрүлүп жаткан иш-чаралар, маанилүү окуялар жана демилгелер тууралуу убагында маалымдоо болуп саналат.
Сайтка кирип, Төрагалыктын ишмердүүлүгү тууралуу актуалдуу жаңылыктарды, ошондой эле жакында боло турган жолугушуулар жана башка маанилүү материалдар менен таанышууга болот.