
Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы кабинет мүчөлөрүнүн ант берүү церемониясы өттү. Тантанага төмөнкү министрлер катышты:
Эрлист Абакиров, кабинет министринин орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды;
Канат Сагынбаев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды;
Гульзат Исаматова, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды;
Талант Солтобаев, Транспорт жана байланыш министрлигин жетектеди;
Акыл Токтобаев, жаңы табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Дамирбек Осмонов, саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;
Канатбек Чыныбаев, өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
Жумгалбек Шабданбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.