2026-жылдын 9-мартында «Ак-Тилек автожол» өткөрмө пунктунда Чүй-Бишкек башкармалыгынын Агрардык министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан келген 56 тонна пиязга байланыштуу фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтардын туура эместиги аныкталды.
Текшерүүнүн процессинде сертификаттагы маалыматтар транспорттук (товаросопроводительных) документтерде берилген маалыматтар менен дал келбегендиги белгилүү болду.
Агрардык министрлик айыл чарба продукцияларын алып келүүдө фитосанитардык нормаларды катуу сактоонун зарылдыгын эскертет.