
Парламенттин жыйынында дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн бир нече өлкөлөр, анын ичинде Египет, Оман, Словения жана Бенилюкс мамлекеттери менен өз ара визасыз кирүү келишимдерин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору кабыл алынды.
Талкуулоолордун натыйжасында депутаттар үч окууда бир нече мыйзам долбоорун кабыл алышты. Алардын арасында:
- «Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттери ортосундагы жарактуу дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорт ээлерине визалык талаптардан бошотуу жөнүндө 2025-жылдын 18-июнунда Брюссельде кол коюлган Келишимди ратификациялоо жөнүндө»;
- «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Словения Республикасы өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорт ээлерин кыска мөөнөттүү визалардан бошотуу жөнүндө 2025-жылдын 16-октябрына Люблянада кол коюлган Келишимди ратификациялоо жөнүндө»;
- «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Оман Султандыгы өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорт ээлерине визалык талаптардан бошотуу жөнүндө 2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йоркте кол коюлган Келишимди ратификациялоо жөнүндө»;
- «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Египет Араб Республикасы өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорт ээлерине визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө 2025-жылдын 4-ноябрында Каирде кол коюлган Келишимди ратификациялоо жөнүндө».
Сырткы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бул мыйзам долбоорлорун сунуштап, келишимдер Кыргыз Республикасынын жана аталган өлкөлөрдүн дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорт ээлерине визасыз, алты айдын ичинде 90 күнгө чейин эркин чек араны кесип өтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.