
Жолугушуу учурунда Грузияда болуу жана эмгек иши боюнча эрежелерге байланыштуу негизги аспектилер талкууланды. Элчи мекендештеринин көптөгөн суроолоруна жооп берди.
Мындан тышкары, Максат Мамытканов өзүнүн визити алкагында Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министрлигинин Жер үстүндөгү транспорт агенттигинин директору Бакур Микадзе менен жолугушту.
Жолугушууда эл аралык авто ташууларга байланыштуу маселелер каралды.