



13-мартта Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев менен Казакстан Республикасынын экология жана табигый ресурстар министри Ерлан Нысанбаевдин ортосунда жолугушуу өттү.
Жолугушууда экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды, ошондой эле жакында боло турган Регионалдык экологиялык саммиттин маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, катышуучулар тиешелүү органдар ортосундагы ишти активдештирүү, экология тармагында тажрыйба алмашууну уюштуруу жана айлана-чөйрөгө терс таасирлерди алдын алуу жана азайтуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты.
Келишимдердин жыйынтыгы боюнча тараптар практикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө болгон кызыгууларын билдиришти.