

Бишкектин муниципалдык структураларында административдик-территориялык реформа жүргүзүлүп, район жетекчилеринин орун басарлары үчүн жаңы кызматтар киргизилди.
Атап айтканда, Айбеков Марлен Айбекович Первомай районунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Кара-Балта шаарында муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
Мындан тышкары, Манакеев Данияр Каныбекович Свердлов райондук администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Бишкек мэриясынын уюштуруу-контроль иши башкармалыгында чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалаган.
Дайындамаларды борбордун мэри Айбек Джунушалиев бекитти.