Токтогулдан келген жаш комузчулар республикалык конкурста башкы сыйлыкты утушту

Яна Орехова Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Ош шаарында 14-15-мартта «Достук шаңы 2026» республикалык конкурсу өттү, анда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы балдар музыкалык мектебинин комузчулар ансамбли «Ботой» баш байгени жеңип алды.

Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ансамблдин мугалими Райла Изамбаева билдиргендей, конкурска Кыргызстандагы 7 облусунан музыкант-окууучулар катышты. Анын окуучулары Карамолдо Орозовдун «Салтанат шыңгырама» чыгармасын аткарышты. 4-класстын окуучусу Сумая Ашымова Бекболот Абдувалиевдин «Жорго жүрүш» чыгармасын комузда ойноп, 1-орунду алды. Экинчи орунду «Боз жорго» чыгармасын аткарган фольклордук ансамбль ээледи.

Баш байгени жеңип алган Токтогул районунун кыздарына Түркияга жолдомо берилди.

«Ботой» ансамблинин курамы:

Садыгулова Тумар, 2012-жылы туулган;

Темирбекова Айбийке, 2012-жылы туулган;

Карыпбаева Азалия, 2012-жылы туулган;

Кыштообекова Аруузат, 2011-жылы туулган;

Ашымова Сумайа, 2013-жылы туулган;

Бузурманова Айжибек, 2013-жылы туулган;

Калмурзаева Бермет, 2010-жылы туулган;

Жапарова Асия, 2012-жылы туулган.


VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Без изображения