
Кыргызстанда жаңы майрам белгиленди — Цифрдык технологиялар тармагынын кызматкерлеринин күнү. Бул чечим өлкөнүн Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды.
Жаңы токтомго ылайык, кесиптик майрам жыл сайын 4-апрелде өткөрүлүп, цифрлаштыруу жана маалыматтык технологиялар секторунун өкүлдөрүнө арналат.
Бул демилге IT-специалисттердин мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын таанууга жана цифрдык трансформация процессин колдоого багытталган.
Майрам мамлекеттик сектордун, бизнес, IT-компаниялардын жана цифрдык чечимдер менен кызматтарды иштеп чыгуучу жеке демилгелердин профессионалдарын бириктирет.
Цифрдык өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде бул майрамды киргизүү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды киргизүүгө жардам берет деп белгилешти.