
Лидерлер кызматташтыктын маанилүү аспекттерин талкуулашты
27-мартта Кыргыз Республикасының президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду, бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус мамилелеринин негизги аспекттери жана эл аралык күн тартибиндеги бир катар маселелер талкууланды.
Эки президент эки тараптуу мамилелерди, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген, чыңдоого даяр экендиктерин тастыктап, эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешти.
Ошондой эле лидерлер соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташтыктын маанилүү багыттары боюнча пикир алышышты.