

















Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда көрүүчүлөр «Сүймонкул» аттуу жаңы этно-музиклдин премьерасынын күбөсү болушту.
Бул спектакль мурда «Раймалы жана Бегимай» этно-музикли үстүндө иштеген команда тарабынан түзүлгөн жана кыргыз сахна искусствосунда маанилүү окуя катары каралууда.
Мюзикл белгилүү маданий ишмер Сүймонкул Чокморовго арналган, анда анын актер жана сүрөтчү катары таланты ачылган. Акын Акбар Кубанычбеков жазган сценарий Чокморовдун жашоо жолу, анын туулганынан баштап чыгармачылык карьерасына чейин, патриотизми жана эркиндикке болгон умтулуусу тууралуу баяндайт.
Сүрөтчү ролун ырчы Аксай Мукамбет уулу аткарса, актердук образды ырчы Курал Чокоев сунуштады.
Проектте Улуттук филармониядан 200гө жакын артист катышууда, ал эми автору жана көркөм жетекчиси Кыргызбай Осмонов болуп саналат.
Этно-музиклдин көрсөтүлүшү 28-марттан 31-мартка чейин филармониянын негизги сахнасында, саат 18:30да башталат. Билеттерди филармониянын кассасынан жана Kassir.kg сайтынан сатып алууга болот.
материалдын автору: Чолпон Джумалиева
перевод: Гульмира Байтерекова