ЖК комитети Солтобаевдин Министрлер кабинетинин транспорт министри болуп дайындалышын колдоду
17-февралда Жогорку Кенештин өнөр жай саясаты, транспорт жана курулуш боюнча комитети Талантбек Солтобаевдин транспорт жана байланыш министри кызматында дайындалышын жактырды. Депутат Кундузбек Сулайманов комитеттин мүчөлөрү анын кесиптик сапаттары менен жакшы тааныш экенин белгилеп, Солтобаевдин кандидатурасын кошумча талкуусуз колдоону сунуштады.