Кыргызстандын маданияты тууралуу китептер Түркия президентинин Улуттук китепканасына өткөрүлдү
4-февралда Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кыргыз элдин бай тарыхый жана маданий мурасын арнаган китептерди Түркия президентинин Улуттук китепканасына өткөрүп берди. Китепкананын фондуна кошумча катары көркөм адабият, илимий иштер, ошондой эле ар түрдүү сөздүктөр жана энциклопедиялар сунушталды, деп билдирет дипломатиялык өкүлчүлүк.