
Кырсык 129-километрде болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Odyssey унаасынын айдоочусу алдыдагы HOWO маркасындагы жүк ташуучу унаанын трейлеринен качып кете алган эмес. Жеңил унаанын бардык жети жүргүнчүсү, анын ичинде айдоочу, алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушту, деп билдирди полиция. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын алкагында окуянын бардык жагдайлары аныкталат.
Эскерте кетсек, ушул трагедиядан бир жума мурун ошол эле трассада жол кырсыгы болуп, ал жерде алты адам каза болгон.