
88 жылдык тарыхында Volkswagen концерни Германиядагы заводдорунун бирин жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Financial Times, Kazinform агенттигинин жана БЕЛТАнын маалыматына таянып билдирет.
Дрездендеги заводдун жабылышы Европа жана Кытайдагы сатуу көлөмүнүн төмөндөшү, ошондой эле АКШ тарабынан коюлган жогорку импорттук тарифтерден улам пайда болгон финансылык кыйынчылыктар менен байланыштуу. Бул чечим Volkswagenдин Германияда 35 миң жумуш ордун кыскартууга багытталган кеңири программасынын бир бөлүгү болуп калды.
Завод 16-декабрда ишин токтотот. Компаниянын өкүлдөрү бул чечимдин кылдат ойлонулгандан кийин кабыл алынганын жана экономикалык жактан зарыл экенин баса белгилешти.
2002-жылы Дрездендеги завод ачылгандан бери бул жерде болжол менен 200 миң унаа өндүрүлгөн. Эми заводдун аймагы Дрезден университетине өткөрүлүп берилет, ал бул жерде ИИ-чиптерин иштеп чыгууга арналган изилдөө кампусун түзүүнү пландаштырууда.
Немис автоөнөр жайы учурда акыркы 15 жылдагы эң оор кварталды башынан өткөрүп жатканын белгилеп өтүү керек.