Жарияланууда "Моссаддын" кызматкерлери жана атайын күчтөр өткөн түнү иран жеринде иш алып барышкандыгы айтылган.
Операциянын максаттары, көлөмү же жыйынтыктары тууралуу расмий маалымат азырынча жарыяланган жок.
Ошол эле учурда, ирандык булактар Израильдин аба күчтөрүнүн соккулары Исфахандагы коргоо ишканаларынын базаларына багытталганын билдиришүүдө. Бул маалыматтын расмий тастыктамасы азырынча алынган жок.
***
28-февралда Израиль жана АКШ Иранга сокку урду. Дональд Трамп Ислам Республикасынын ядролук программасын жок кылуу ниетин билдирди.Мунун жооп катары Иран Израиль жана Американын базалары жайгашкан башка Түштүк-Чыгыш өлкөлөрүнө сокку урду. Чабуулдар Бахрейн, Катар, Кувейт, Абу-Даби жана Дубайга (БАЭ) ошондой эле Эр-Риядга (Сауд Аравиясы) багытталган.
Американо-израильдик операциянын натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөн. Андан кийин анын жубайы, Мансуре Ходжасте алган жаракаттарынан улам каза болду.
Дональд Трамп Ирандагы аскердик операция төрт жумага созулаарын билдирди. Иран болсо, АКШ жана Израилге каршы жихад жарыялап, сүйлөшүүлөр үчүн мүмкүнчүлүктүн жок экенин белгиледи.
Түштүк-Чыгыштагы конфликт эл аралык абалга, анын ичинде Кыргызстанга таасир этүүдө. Учурдагы окуялардын натыйжасында БАЭде миңдеген туристтер калды. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн элчиликтердин жана консулдуктардын телефон номерлерин бул жерден таба аласыз.