
КСИРдин маалыматына ылайык, соккулардын натыйжасында Тель-Авивдин борборунда 100дөн ашык объекттер, анын ичинде аскердик жана күч структуралары зыянга учурады. Ведомстводон билдиришкендей, ракеталар Израилдин абадан коргонуу системасын ийгиликтүү жеңип өтүштү. Алдын ала маалыматтар боюнча, 230дан ашык душман аскери өлгөн же жаракат алган болушу мүмкүн. Тель-Авивден тышкары, соккулар Иерусалимдеги, Хайфа портундагы, Беэр-Шевадагы жана Негев чөлүндөгү объекттерге да жасалды.
Мындан тышкары, ирандык күчтөр Катарда, Бахрейнде, Бириккен Араб Эмирлигинде, Кувейтте жана Сауд Арабиясында жайгашкан америкалык аскердик базаларга сокку урушту, деп билдиришет ведомстводогу булактар.