
1-апрелден баштап Япония өкмөтү жарандык алууга каалоочулар үчүн жаңы, катаал талаптарды киргизет, өлкөдө жашоо мөөнөтүн беш жылдан он жылга чейин узартат, деп маалымдайт РИА Новости.
Юстиция министри Хироси Хирагути маалымат жыйынында бул өзгөртүүлөр талапкерлерден узак мөөнөттүү жашоону гана эмес, ошондой эле япон коомчулугуна активдүү интеграцияны талап кыларын билдирди.
Мындан тышкары, салык төлөмдөрүн текшерүү мөөнөтү азыр беш жылды түзөт, мурдагысы бир жыл болсо, социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр эки жыл бою текшерилет. Заявкаларды караганда «япон коомчулугуна шайкештик» да эске алынат, анын ичинде япон тилинде сүйлөө жөндөмдөрү.
Жаңы талаптар мурда берилген арыздарды да камтыйт. Мурда туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн ушундай эле эрежелер колдонулган.
Премьер-министр Санаэ Такаити жарандык алуу шарттарын катаалдатууну тапшырган, азыркы эрежелердин өтө жумшак экенин белгилеген. Мурда жарандык алуу үчүн Японияда беш жыл үзгүлтүксүз жашаш керек, салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздары болбошу, ошондой эле жакшы репутация жана туруктуу кирешенин болушу талап кылынган.
Бермет Жумабекова