Британиянын мурдагы ханзаадасы Эндрю суракка алынгандан кийин бошотулду
// Reuters Полиция 66 жаштагы Эндрю «иликтөө боюнча» бошотулганын билдирди, ал мамлекеттик кызматтагы мыйзамсыз аракеттер боюнча шектелип кармалган. Бул тергөө уланууда дегенди билдирет жана азырынча ага расмий айыптар коюлган жок. Таңкы билдирүүдө укук коргоо органдары Эндрюдун атын аташкан жок; болгону 60 жаштан ашкан эркектин кармалышы тууралуу маалымат берилди. Иликтөө учурунда эки дарек боюнча тинтүү жүргүзүлгөн.