
Евразия интеграция институтунун маалыматына ылайык, шайлоочулардын 86,7% жаңы редакциядагы Негизги мыйзамды колдошту. «Социс-А» комплексдүү социалдык изилдөөлөр институту жүргүзгөн экзитпол 87,4% «макул» добуш берүүнү көрсөткөн.
«Аманат» партиясынын коомдук саясат институтунун маалыматы боюнча, респонденттердин 88,6% жаңы Конституцияны колдошту, референдумга катышуу 72,1% түздү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев экзитполдордун жыйынтыктары менен таанышып, «Қазмедиа орталығы» студиясында билдирүү жасады.
«Бүгүн биз өлкөбүз үчүн чыныгы тарыхый окуянын күбөсү болдук. Казакстандыктар референдумга катышып, конституциялык реформаны колдошту. Алар өз добушун мекенибиздин келечеги үчүн беришти. Экзитполдордун жыйынтыктарына ылайык, республика жаңы Конституцияны кабыл алуу менен тарыхый тандоо жасаганын ишенимдүү айтууга болот», - деди мамлекет башчысы.
Президенттин айтымында, 15-март Конституция күнү катары белгиленет, анткени ушул күнү, анын ишениминде, эл өлкөнүн өнүгүүсүнүн кийинки багытын аныктады.
Жаңы Конституция долбоорунун негизги жоболору
Бул долбоордун жаңычылдыгы өзгөртүүлөрдүн саны менен гана чектелбестен, анын концептуалдык мазмунунда да жатат. Документ заманбап талаптарды эске алуу менен иштелип чыккан жана акыркы жылдардагы коомдогу жана коомдук аң-сезимдеги өзгөрүүлөрдү чагылдырат.
Конституциялык реформанын негизги максаттары: мамлекеттүүлүктү жана көз карандысыздыкты бекемдөө, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле актуалдуу саясий башкаруу моделин түзүү.
Адам укуктары жана эркиндиктеринин приоритети жаңы редакциядагы Негизги мыйзамдын борбордук принциптеринин бири болуп калды. Жарандардын укуктарына арналган бөлүм эң көлөмдүү болуп, 30га жакын статьяны камтыйт.
Конституция долбоору ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кубаттуу жана компетенттүү парламент түзүү;
- эффективдүү өкмөттү түзүү;
- көз карандысыз жана ачык сот системасын бекемдөө;
- саясий партиялардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ролун күчөтүү;
- борбор менен региондордун ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүү.
Документте жеке жашоонун кол тийбестигин, жеке маалыматтарды коргоону жана цифрдык укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле билим берүүнү, илимди, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган нормалар бекитилет.
Жаңы Конституция бардык бийлик бутактарынын өз алдынча чечим кабыл алуусун камсыз кылган, жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекеттик институттарды түзүүгө арналган.
Казакстан бийлиги жаңы Конституциянын кабыл алынышы өлкөнү мындан аркы модернизациялоонун негизин түзөт жана заманбап глобалдык чакырыктарга жооп болот деп ишенет.