Иранда массалык нааразычылыктар фонуна өкмөттү колдогон митингдер өттү
Иранда бийликтин колдоосуна арналган митингдер Тегеранда жана өлкөнүн башка көптөгөн шаарларында өттү. Бул тууралуу мамлекеттик телерадиокомпания маалымдады. Акциянын катышуучулары иран өкмөтүн коргоого арналган ураандарды кыйкырып, демонстранттар тарабынан жасалган акыркы террордук актыларды айыпташты.