АШАда уланууда жаткан шатдаун АКШнын тарыхындагы эң узуну болду
1-октябрдан башталган шатдаун учурда 35-күнгө уланууда. Мурдагы рекорд 2019-жылдын башында, Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө, өкмөт 34 күн жана 21 саат иштебегенде орнотулган. Учурдагы шатдаундун себеби – Конгрессте өкмөттү каржылоо боюнча чечилбеген талаштар. Демократтар медициналык камсыздандыруу үчүн салык жеңилдиктерин узартууну жана социалдык медициналык программаларды кошумча каржылоону талап кылышууда, ал эми республикачылар бул демилгелерди колдоодон баш тартышууда.