
ГУВД билдиргендей, алдын ала териштирүү иштеринин алкагында болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Башкы милиция борбордун тургундарына жана конокторуна массалык мушташтарга катышпоо жана коомдук тартипти бузган аракеттерден алыс болуу керектигин эскертет, анткени бул кылмыш жоопкерчилигин, анын ичинде беш жылга чейин эркинен ажыратууну жаратат.
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары жарандарды жана борбордун конокторун мыйзамды сактоого жана айланасындагыларга коопсуздукту коргоого чакырышат.